Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасынан “Азаттыкка” маалымдашты. Кылмыш иши 14 жаштагы кызы Гүлжамалды класс жетекчиси уурдап, бирөөлөргө сатып жибергени тууралуу кайрылган Махабархан Базарованын арызынын негизинде козголду. Бул маселе боюнча кечээ коомдук Ордо кеңештин өкүлү катышкан жыйында да сөз болуп, бирок класс жетекчи өзүнө коюлган дооматты төгүнгө чыгарган. Иштин чоо-жайы эми Сузак РИИБ тарабынан иликтенмекчи. Ушул эле күнү Жалал-Абад губернаторунун орун басары Дамира Алимжанова бул иш боюнча кайдыгер болгон бир катар кызматкерлерге сөгүш жарыялады.(ZKo)