4-5-июнда Минск шаарында боло турган жыйынга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров катышат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин аппаратынан маалымат таратышты. Минскидеги жыйында баңгизаттарын мыйзамсыз ташуу, мыйзамсыз миграцияга карыш күрөшүүгө байланыштуу биргелешип аткарып жаткан операциялар тууралуу маалымат угулуп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн түзүү маселеси талкууланат.(AiT)