Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

“Кылым шамы” укуктук борбору Түп окуясы боюнча иликтөөсүн жарыялады


Анда 18-19-майда БЭКтин лидери Азимбек Бекназаров Түп районунун аймагында курултай өткөрүү боюнча Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик алты администрацияга билдирүү жөнөткөнү белгиленген. Билдирүүнү Каракол,Балыкчы шаардык администрациялары, Түп, Тоң, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз райондук администрациялары каттодон өткөрүп, кабыл алган. Курултай өткөрүүгө жогорудагы мамлекеттик администрациялардын бирөө дагы каршылыгын билдирип, өткөрүүгө тыйуу салбаганы көргөзүлгөн. Буга карабай 31-майда Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү Түпкө курултайга бараткан 12 адамды мыйзамсыз камап салганы, Балыкчыда БЭКтин мүчөлөрү эл менен жолугушуу учурунда шаардын мэри Талант Өмүркулов жана шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Дегенбаев баш болуп тукурукчуларды уюштуруп, Конституциядан сырткары иш аракеттерди көрүшкөндүгү айтылат укук коргоо борборунун отчетунда. “Кылым шамы” Башкы прокуратурадан Ысык-Көл облусундагы окуяга укуктук баа берип, райондук администрациялардын башчыларына жана ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине кылмыш ишин козгонуу өтүндү. (AJ)

XS
SM
MD
LG