Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Иран президенти башкы атаандашы менен бүгүн телетаймашта кездешет


Ирандагы президенттик шайлоо 12-июнда болот. Учурдагы президент Махмуд Ахмадинежад менен бүгүн телетаймашка чыгып жаткан Мир Хуссейн Мусави - өлкөнүн мурдагы премьер-министри, реформалардын жактоочусу катары эсептелинет.

Бул эки талапкер тең шайлоонун биринчи айлампасында эле жеңип чыгарына ишеним билдиришүүдө. Эгер алардын бири да 50% добуш албай калса, 19-июнда шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүүсү керек. Шайлоого жалпысынан 4 талапкер катышууда. Алардын экөөсү: парламенттин мурдагы спикери Мехди Карруби менен Ирандын революциялык гвардиясынын мурдагы командачысы Мохзен Резаи телетаймашты кечээ өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG