Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

БЕКтин саясий бюросу Түп райадминистрациясын сотко берүүгө ниеттенүүдө


Бул тууралуу БЭКтин мүчөсү, парламенттеги СДП фракциясынан депутат Бакыт Бешимов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 31-майда Түптө өтүүчү курултайга облустун аймактарынан келүүчү кишилерди тартип коргоо кызматкерлери жол тосуп өткөрбөй, жыйынды үзгүлтүккө учураткан. Караколдо СДПнын кеңсеси талкаланып, “Айгай” гезитинин 10 миң нускасы милициялар тарабынан тартылып алынып, Жети-Өгүз районунун аймагында “Ата Мекен” партиясынын төргасынын орун басары Эркин Алымбековго белгисиз адамдар тарабынан күч колдонулган. БЭКтин мүчөлөрүнүн Балыкчынын тургундары менен жолугушуусу Балыкчынын мэри жана шаардык ички иштер башкармачылыгынын жетекчисинин мыйзамсыз иш аракеттеринен улам үзгүлтүккө учураган. Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо БЭКке карата мыйзамдын чегинде курултай, уруксаатсыз митинг өткөрүүгө тыйуу салышканын айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG