Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Иран: Мир Хоссейн Мусави президентти айыптады


Иранда президенттикке талапкер Мир Хоссейн Мусави Махмуд Ахмадинежадды өлкөнүн эл аралык аброюн түшүрдү деп айыптады. Бул тууралуу реформачыл саясатчы Мусави шайлоо алдында өткөрүлгөн теледебатта билдирди. Анын айтымында, президент Ахмадинежад Холокостту четке кагуу менен Иранды эл аралык коомчулук алдында басынтууда. Мунун алдында бир нече саат мурда Махмуд Ахмадинежад Израилге каршы билдирүү менен чыккан. Иранда президенттик шайлоо 12-июнда өтөт.

XS
SM
MD
LG