Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун колу коюлган “Жети аке” күмбөзүнүн жанында курултай өткөрүү жөнүндө билдирүү берилип, ал билдирүү айыл өкмөттөрүнө таанышууга жиберилгени белгиленген. Айылдын тургундары жана активи БЭКтин курултай өткөрүүсүнө каршы болгондуктан райондук администрация курултай өткөрүүгө урусат бербегени көргөзүлгөн. Ал эми Түп районунда 30-майда Жолдо жүрүү коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан 8 адам түшкөн 2 кичиавтобус токтотулгандыгын, ал жерге депутат К.Кадыров менен экс-депутат Б.Шерниязов келишкенин, милиция кызматкерлерине жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына Болот Шерниязов акарат келтирип, чатак чыгаргандыгы айтылган. Ак -Суу районунда Өмүрбек Текебаев түшүп бараткан “Тойота Секвоя” унаасы Түп районуна кире бериштеги МАИ бекетинен токтобой өтүп кеткендиги үчүн кармалып, унаадагы Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Отунбаева, Кубанычбек Кадыров, экс-спикер Өмүрбек Текебаевдин жол коопсуздугун камсыз кылып МАИ кызматкерлеринин коштоосунда Ысык-Көл облусунан чыгарылганы маалымдалган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыровго кол салуу фактысы болбогондугу айтылат. 2-июнда БЭК эл аралык уюмдрга, Кыргызстан элине кайырлуу жолдоп, Түп районунда курултай өткөрүүгө каршы Ысык-Көл облусундагы райондук алминистрация башчылары жана ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандыгын билдирген. (AJ)