Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Ж. Жусубалиева президентке, башкы прокурорго кайрылуу жолдоду


Кайрылууда Жаңылай Жусубалиева Панфилов районундагы А.Осмонов атындагы мектепте окуган уулу Адилетти 2007-жылы 20-ноябрда жогорку класстын окуучулары Арслан Ташыбаев менен Элдияр Шаршенкул уулу сабап өлтүргөнүн, аларды Панфилов райондук соту 7 жылга эркинен ажырткан чечим чыгарганын, Чүй облустук соту ал чечимди күчүндө калтырганын жазган. Жаңылай Жусубалиева 2-июнда Арслан Ташыбаев менен Элдияр Шаршенкул уулун мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Панфилов райондук соту мыйзамдын эрежелерин бузуп токтом чыгарганын билип, адам өлтүргөн тентектерди бир жылдан кийин колониядан чыгарууга мүмкүн эместигин айтып, бул ишке өлкө башчысын, башкы прокурорду, адилет министрин, акыйкатчыны, ички иштер министрин, Жогорку Соттун төрагасын кийлигишип, адилет чечип берүүсүн өтүнүп кайрылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG