5-6-июнда президент Курманбек Бакиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. Ал жерде социалдык обьектилердин жана XIX кылымдын соңунда көл өрөөнүнөн чыккан белгилүү инсан Кыдыр акенин эстелигинин ачылышына катышат. 8-июнда өлкө башчысы Нарын облусуна баруусу күтүлүүдө. Сапар учурунда президент “Кошой Коргон” этнографиялык музейинин ачылышына катышып, облус тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)