Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Мурафаддин Сакимов: Месхет жана түркиялык түрктөрдүн эч айырмасы жок.


1989-жылы Ферганада тополоңдун шылтоосу менен 100 миң месхетиялык түрк өлкө чегинен чыгарылган. Түрктөрдүн көйгөйлөрү тууралуу Кыргызстандагы түрктөрдүн коомдук бирикмесинин төрагасы Мурафаддин Сакимов айтып берген.

-Мурафаддин мырза! Маалымат каражаттарында түрктөрдү месхетиялык жана түркиялык деп айырмалап, айтып жүрүшөт. Экөөнүн айырмачылыктары эмнеде?

-Месхетиялык түрктөр менен түркиялык түрктөрдүн эч кандай айырмасы жок. Жалпысынан алып караганда, экөөнүн ортосунда анчалык чоң айырма деле жок. Түркиялык түрктөр да, месхетиялык түрктөр да ислам динин тутунушат. Жана баарыбыз этникалык түрктөрдүн катарына кошулабыз.

-Анан эмне себептен месхетиялык түрктөр деп аталып калышкан? Сиз ушул жагдайды толугураак түшүндүрүп берсеңиз?

-Бул жагдай географиялык жактан алып караганда, месхетиялык түрктөрдүн түпкү теги Грузиянын түштүк бөлүгүнөн Түркия менен чектеш Месхетия регионунан болот. Ушундан улам бул аймакта туулуп-өскөн түрктөрдү көп учурда башка түрктөрдөн «месхетиялыктар» деп айырмалоо адатка айланып калган. Мындай бөлүп кароо туура эмес. Оштук түрк же нарындык түрк же кыргыз деп бөлүп караган туура болбой калат.

Айрым тарыхый маалыматтарга ылайык, Грузиянын Түркияга жакын райондорунда жашаган месхетиялык грузиндер 16-17-кылымдарда түркиялык бийликтердин басымы астында ислам динин кабыл алышып, керек болсо тилин да өзгөртүүгө мажбур болушкан деген маалыматтар да бар. Бирок биз илгертен эле ислам динин тутунган мусулман түрк элибиз. Месхетия аймагында жашаган месхет калкы менен эч кандай байланышыбыз жок. Алар католиктер, биз мусулманбыз. Месхетия аймагындагы беш райондо жашаган түрктөр Орусия падышачылыгынын карамагына кошулсак, совет доорунда Грузиянын карамагына өтүп кеткен.

-Улуу ата мекендик согуш учурунда Грузия аймагындагы айрым калк менен кошо түрктөр да Борбор Азияга көчүрүлгөн эмеспи?

- 20-кылымдын орто чендеринен баштап биздин түрк элинин турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр башталган. 1944-жылы Сталиндин буйругу менен «Грузияга немисттер жакындап келе жатышат» деген шылтоо менен Грузиянын аймагынан калмыктар жана чечендер менен кошо месхетиялык-түрктөр да СССРдин түштүк бөлүгүнө, башкача айтканда, Орто Азияга 150 миңге жакын түрк көчүрүлгөн.

-Эмне себептен түрктөрдүн көйгөйлөрү кеңеш доорунда да, учурда дагы чечилбей келатат?

-Кийин заман өзгөрүп, улуттук азчылыктардын проблемалары акырындап чечиле баштайт, бирок месхетиялык түрктөрдүн проблемасын чечүүгө Советтик Грузиянын да, Орусиянын да бийликтери кызыгуу арттырышкан жок. Алар дайыма ишти артка жылдыра беришти.

-Мурафаддин мырза, Өзбекстандагы тополоңго чейин Фергана өрөөнүндө канча месхетиядан оогон түрктөр отурукташкан?

-Өзбекстанда Фергана, Наманган аймагында 120 миңдей түрк жашап, иштеп турган. Саясый маселелердин айынан Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө отурукташкан месхетиялык түрктөр 1980-жылдары массалык чабуулга дуушар болушуп, Орусияны, Кыргызстанды көздөй качышат. Алардын көпчүлүгү кийин Азербайжанга, дагы бир бөлүгү Краснодар областына жайгашышкан. Ушул тапта Краснодар областында 14 миңдин тегерегинде месхетиялык түрктөр бар эле. Аларга Орусиянын атуулдугун бербей койгондуктан АКШ бийлиги аларды чакырып, жер берип, 12 миңдей түрк Америка Кошмо Штаттарында жашап жатат.

Азаптан башы көтөрүлбөй келаткан түрктөргө АКШнын бийликтери жардам көрсөтүүнү туура көрүп, Краснодар областындагы түрктөр Америка Кошмо Штаттарына жеткирилген.

-Учурда дагы Ферганада канча түрк жашап жатышат?

-Фергана тополоңунан кийин Өзбекстандан 100 миндей түрк чыгарылган деп айттым, бирок учурда 20 миңдей түрк Фергана, Наманган аймагында баш калкалап, жашап, иштеп жатышат. Кыргызстандагыдай ээн эркин, демократиялык маанайда жүрө алышпайт. Биз алар менен байланышып, кабарлашып турабыз.

Ошондой эле Месхетиядан көчүрүлгөн түрктөр ушул тапта Орусиянын Краснодар областында, Азербайжанда жана Орто Азияда (Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда) жашашат.

-Кыргызстандын кайсыл аймактарында түрктөр олтурукташкан?

- Негизинен Чүй өрөөнүндө жайгашкан. 25-30 миңдей түрк Чүй аймагында жашап, иштеп жатышат. Ош облусунда 15 миңге чукул түрк жашайт. Жалал-Абат облусунда 5 миңдей түрк жашаса, Таласта 3 миңден ашуун түрк олтурукташкан. Баш аягы 50 минден ашуун түрктү Кыргызстан бир туугандарындай кабыл алып, эки элдин ортосунда эч кандай олуттуу көйгөйлөр болгон эмес. Биз түрктөр кыргыз элине ыраазыбыз. Согуш учурунда өздөрү ачка турса дагы нан, сүтүн бизге берип, меймандостук кылган боорукерлигин эч убакта унутпайбыз.

-Түркиялыктар менен өлкөдөгү түрктөр коомдук бирикмеси дагы кызматташып турасыңарбы?

- Ооба, ар тараптуу кызматташып, тыкыс байланышып турабыз. Жергиликтүү түрк ишкерлерин дагы Түркия өкмөтү, ишкерлери дагы колдоого алып, бир нече биргелешкен ишканалар иштеп жатат. Ар жылы жергиликтүү 20 түрк улан-кызы үчүн Түркиянын жогорку окуу жайлары чектелген орун берип, окууга жардам беришүүдө.

Жакында эле Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен дагы жолугушуп, мындан ары дагы кызматташуу маселелерин талкууга алдык. Ошондо Абдулла Гүл сурады, “кыргыздар менен жергиликтүү түрктөрдүн ортосунда көйгөйлүү маселелер барбы?- деп. Биз: “Кыргызстанда түрктөр менен кыргыздарга байланыштуу эч кандай көйгөйлүү маселелер жок. Баары жайында”,- деп жооп бердик.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG