КР президенти Курманбек Бакиев Франциянын президенти Николя Саркозиге Air France абакомпаниясынын учагы кырсыкка учурагандыгына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү. Анда ушул жылдын 1-июнунда Бразилиянын жээгинде учактын кырсыкташынын натыйжасында көптөгөн курмандыктар болгондугу туурасындагы суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алгандыгы айтылып, Кыргызстандын эли жакындарынан айрылып, орду толгус жоготууга учураган адамдардын аза кайгысын тең бөлүшөт, деп жазылган. Бул тууралуу президенттик маалымат кызматынан кабарлашты.(ZKo)