“Форбс” журналы Голливуд жылдызы Анжелина Жолини дүйнөдөгү эң таасирдүү адам деп тапты. Актриса Анжелина Жоли кайрымдуулук ишмердүүлүгү менен белгилүү. “Форбс” журналы жыл сайын дүйнөдөгү таасирдүү 100 адамдын тизмесин жарыялап келет. Бул тизмеге алгачкы ирээт АКШ президенти Барак Обама да кирди. Обама тизмеде 49-чу орунга жайгаштырылган.