Эмгек жана пенсиялык камсыздандыруу министри Жеймс Пернелл муну менен Лейбористтик партияга бийликте калуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кызматынан чегингенин өкмөт башчы Гордон Браунга билдирди. Өткөн айда Британиядагы эки ири партиянын депутаттары жеке чыгымдарын казынадан төлөттүрүп келгендиги тууралуу кабар өлкөдө абдан чоң чууну жараткан. Ушул жаңжалдан улам бир нече министр кызматынан чегинүүгө мажбур болгон.