Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Обама Каирде жаңы мамилелерди баштоого чакырды


АКШ президенти Барак Обама Америка менен мусулман дүйнөсү ортосундагы жаңы мамилени баштоого чакырды. Египеттеги Каир университетинде сүйлөгөн сөзүндө Обама экстремисттер Батыш менен мусулмандар ортосундагы начар мамилелерди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келгенин белгилеп, пикир келишпестиктин доору аякташы керек деп кошумчалады. Жакынкы Чыгыш жаңжалына да токтолгон Обама АКШ Израилге да, Палестинага да колдоо көрсөтө берерин айтты. “Израил – бул өлкөнүн жашоого болгон укугун эч ким танбагандай, Палестина да ошондой эле укукка ээ экенин моюнга алышы керек”, деди Барак Обама. Каирде сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама Ирандын тынч максатта өзөктүк программасын өнүктүрүү укугу бар деп белгиледи. Кечээ АКШ президенти Германияга эки күндүк иш сапарынын алкагында Дрезден шаарына келди. Бүгүн Обама немис канцлери Ангела Меркел менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG