Президент Курманбек Бакиев бүгүн Ысык-Көл облусундагы эки күндүк иш сапарын баштады. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматовдун билдирүүсү боюнча, азыр Темир айылына барып, ал жердеги жаңы мектепти ачат жана жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Андан кийин Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде өтүп жаткан жаштар форумуна катышып, жаштар менен баарлашат. Президент экинчи күнү Ак-Суу районуна барып ал жердеги Кыдыр акенин эстелигинин ачылыш аземине катышат.(BD)