Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Камбар-Ата өз убагында ишке кириши керек


Мындай милдетти кечээ өкмөт башчы Игорь Чудинов Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушунда өткөргөн жыйында койду. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Айбек Султангазиевдин "Азаттыкка" билдирүүсү боюнча, жыйында курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө бөгөт болгон жагдайлар талкууланып, каражат жана социалдык маселелерди өз убагында чечүү милдети алдыга коюлду. Андан тышкары өкмөт башчы ГЭСтин техникалык жана жалпы коопсуздукту бекемдөө чараларын күчөтүүгө милдеттендирди.Камбар-Ата -2 ГЭСинин жетекчилери курулушка жакын жерде күзөт бекеттери орнотулуп, өрт өчүрүү жана куткаруучулар кызматы жөнгө салынып жаткандыгын кабарлады. Кечээ Игорь Чудиновдун катышуусу менен Камбар-Ата ГЭСине жаңы ири дөңгөлөк орнотулду. Ал дөңгөлөк Орусиядан учак менен алынып келинип, курулушка өткөн айда машина менен жеткирилген.(BD)

XS
SM
MD
LG