Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ушул жылдын 13-мартында болгон автокырсыкка күнөөлүү деп шектелген Өмүрбек Осмоновду 12 жылдык жатак түрмөгө кести. Андан тышкары 3 жыл бою автомашина айдоо укугунан ажыратты.Сот мындай чечимди бүгүнкү отурумунда кабыл алды. Жыйырма төрт жаштагы Өмүрбек Осмоновго сот жол эрежесин бузган жана адамдарды кооптуу абалга таштап кеткен деген айыптын негизинде ушундай жаза берди. Ө.Осмонов 13-март түнү "Ауди-100" маркасындагы автомашина менен бара жатып Бишкек-Теплые ключи жолунда токтоп турган "Лексус" маркасындагы Жип автомашинасын сүзгөндө өрт чыгып, "Лексуста" отурган президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов каза болгон деп айыпталган.(BD)