Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Азербайжан жана Армения президенттери жолукту


Ильхам Алиев менен Серж Саркисян кечээ Санкт-Петербург шаарында кездешти жана жолугушуунун конок ээси орус президенти Дмитрий Медведев болду. Бирок сүйлөшүүлөрдүн кийин эки ортодо талашка түшүп келе жаткан Тоолуу Карабах чатагын жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир олуттуу жылыш бар экени кабарланган жок. Армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабах Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Азыр Армениянын колдоосу аркасында өзүн-өзү башкарып келе жатканы менен укуктук макамы расмий аныктала элек. Тоолуу Карабахты өз аймагынын 20%ы деп эсептеген Азербайжан анын бөлүнүп кетишине карманча каршы.

XS
SM
MD
LG