Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

АКШ президенти менен немец канцлеринин сүйлөшүүлөрү Дрезденде өттү


Барак Обама Ангела Меркел менен бүгүн Германиядагы кыска сапарынын башталышында кездешти. Сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында эки лидер маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде глобалдык экономикадагы кризисти, Жакынкы Чыгышта токтоп калган тынчтык жараянын, Ирандын өзөктүк программасына байланышкан кырдаалды талкуулашканын билдиришти.

Барак Обаманын маалымат жыйынынында айтканына караганда, АКШ Иран менен “олуттуу диалогго” барууга даяр.

Германиядагы сапарынын алкагында АКШ президенти Холокостун курмандыктарын эскерүү үчүн нацисттердин Бухенвальд деп аталган мурдагы концлагеринде болот, Ирактагы жана Ооганстанда жаракат алган америкалык аскерлер дарыяланып жаткан ооруканага барат.

Германиядан соң Барак Обама эртең Францияга келип, Нормандияда Экинчи дүйнөлүк согушта экинчи фронт ачылганынын 65 жылдыгына арналган салтанатка катышат. Ал бүгүн немец канцлери менен кездешкен Дрезден шаары болсо согуштун аягында америкалык жана британиялык учактардын бомбалоосунан урандыга айланган эле.

XS
SM
MD
LG