Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Кант авиабазасын жайгаштыруу мөөнөтү такталат


Мындай маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Анда Кант авиабазасын жайгаштыруу мөөнөтү жана ага негиз берген укуктук маселелерди чечүү үчүн кыргыз өкмөтү мекемелер аралык комиссия түзгөндүгүн жана ушундай эле комиссия түзүү Орусияга сунушталгандыгы айтылат. Коргоо министрлиги мындай тактоочу маалыматты орусиялык "Новости" агенттигинин 29-майда Орусиянын өкмөтү Кант авиабазасын дагы 49 жылга чейин калтыруу тууралуу документти жактырды деп тараткан кабарына байланыштуу таратты. Ал эми экс-коргоо министри Исмаил Исаков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун куралдуу күчү катары жайгаштырылган Кант авиабазасын жайгаштыруу мөөнөтүн узартуу тууралуу азыр сүйлөшүүнүн зарылдыгы жок, эгер мындай маселени кыргыз тарап көтөрүп жатса, анда ал Орусияга жагынуучулук деп "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2003-жылы түзүлгөн 15 жылдык келишим боюнча базаны чыгарууга алдыда дагы 11 жыл бар, ошондуктан бул маселени козгоонун азыр зарылдыгы жок. Ал эми Коргоо министри Бакытбек Калыев азыр бул маселени козутуунун кереги жок, себеби бул келечектеги сүйлөшүүлөрдүн маселеси деп "Азаттыкка" билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG