Ооган президенти Хамид Карзай “Манас” аба майданындагы АКШнын аскерий аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу тууралуу чечимин кайра карап чыгуусун өтүнгөн катты президент Курманбек Бакиевге жолдоду. Бул тууралуу президенттин алдындагы катчысынын орун басары Максим Каганер “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Хамид Карзай Ооганстандагы кырдаалдын татаалдашып кеткенин белгилөө менен бул маселе жалпы Азиянын көйгөйүнө айлануу кокунучу бардыгына тынчсызданган. Ал кыргыз президенти Курманбек Бакиевден ооган элине көмөк көрсөтүп, террорчулукка каршы күрөшкө жардам берүүсүн өтүнүп Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга пайдаланып жаткан “Манастагы” АКШнын аба базасын калтыруусун өтүнгөн. (AJ)