Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Жол кырсыгы сотунан жообунан суроосу сүрүлүп көп чыгууда


Аламүдүн райондук соту 5-июнда ушул жылдын 13-мартында Аламүдүн капчыгайындагы жол кырсыгына Өмүрбек Осмоновду күнөөлүү деп таап, аны 12 жылга эркинен ажыратты. Тоодон келаткан машине менен жол боюнда токтоп турган автоунаа кагылышынан өрт чыгып, ичиндеги үч адам президенттик акимчиликтин мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов менен жанындагы адамдар набыт болушкан.

Президенттик акимчиликтин мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун жанындагы шериктери менен менен 12-марттан он үчүнө караган түнү үйүнө кайтып келатып кантип жана кандайча курман болгону эмдигиче табышмак. Аламүдүн райондук соту Төлөмүш Асылов соттук териштирүү күбөлөр менен эксперттердин катышуусунда жүргөнүн ырастап, соттук-медициналык экспертиза Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченконун канын экспертизалык изилдөө машинеде өрт чыкканча ал тирүү экенин көрсөткөнүн маалымдады.

- Жол кырсыгынан каза болгон С.Слепченконун канынан карбопсиф жана гемоглобин табылып, анын тирүү бойдон күйгөндүгү, сот-медициналык экспертизанынан корутундусу аркылуу объективдүү аныкталды.

Аламүдүн райондук соту Т.Асылов жол тандабас “жип” автоунаанын ичиндеги М.Садыркулов, С.Слепченко, К.Сулаймановдор өрт чыкканча тирүү экенин соттук-медициналык экспертиза ырастаганын белгиледи.

- Демек, төмөндө чагылдырылган С.Слепченкого берилген экспертизага таянып, экспертизага жарактуу каны калбай такыр эле күйүп кеткен М.Садыркулов жана К.Сулайманов тирүү болушуп, жол кырсыгынын натыйжасында чыга албай каза болгон го деп эсептейм.

Ал эми келаткан машине cүзгөндөн кийин кантип жана кандайча өрт чыкканын эксперттер аныктай алышкан эмес.

- Кагылышкан автоунаалар бири-бирине тийип, өрт ошол жерден чыгып, пайда болгон жерин алар толук күйүп кеткендиктен так айтууга болбойт,- деп белгиледи райондук сот.

Аламүдүн райондук соту Т.Асылов “Лексус” автоунаасында жарылуу белгиси жок экендигин экспертиза аныктаганын кабарлады. 13-марттагы кандуу окуянын чоо-жайын тактоо амалында жүргүзүлгөн баш-аягы 20 жакын экспертизалардын жыйынтыктарынан деле жалпы жагдайды аныктоо кыйын экенин эскертип, жабырлануучулардын соттогу кызыкчылыгын коргогон адвокат Леоинд Лужанский комплекстүү экспертиза өткөрүүнү талап кылган. Бирок ал соттордон колдоо табалган жок. Л.Лужанскийдин айтуусунда, тергөөдө бөксө калган жерлер биртоп.

- Мисалы үчүн момундай жагдай, өтөле катуу эмес кагылышууда үч кишинин сыртка чыга албай калышы. Дагы ушундай жагдайлар комплекстүү экспертизада гана аныктылышы керек.

Леонид Лужанский тергөө ишиндеги алешемдиктерди келтирип аппеляциялык арыз менен өйдөңкү сотко кайрыла тургандыгын билдирди. Ал эми Аламүдүн райондук прокурор Акылбек Бакачиев иш толук иликтенген деп эсептейт.

- Экспертизанын бүтүмдөрү менен толук далилденди. Соттук заседаниеде баары текшерилди. Сот ошого жараша өзүнүн өкүмүн чыгарды.

Айыпталынып жаткан Ө.Осмоновдун жактоочусу Анаркул Акматов да облустук сотко арыз менен кайрыла тургандыгын айтып, бир гана экспертизага таянып өкүм чыгарылганын билдирди.

- Эксперттер ошондой жыйынтыкка келди. С.Слепченконун канынан ошондой жыйынтык чыккан.

13-марттагы кырсык боюнча кылмыш ишти соттук териштирүү 18-майда башталган. Кылмыш иште бүдөмүк калган жагдайлар биртоп экенин белгилеп жабырлануучулардын адвокаты тергөө бөксөлүктөрүн толтуруп, ишти кайрадан кароо өтүнүчүн жолдой турганын айтууда. 5-июнда Аламүдүн райондук соту президенттик акимчиликтин мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун жанындагы адамдары менен набыт болушуна машиненин өрттөлүшү себеп болгонун ырастап, кыйын абалда калгандарга “Ауди” машинесинин ээси жол эрежесин бузуп, жардам кылбай койгон деп Ө.Осмоновду 12 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.

XS
SM
MD
LG