Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, мамлекеттин тышкы карызынын кредиттик портфели 96 беренеден туруп, ага мамлекеттин кепилдиги менен жеке секторлорго эки же көп кырдуу жеңилдик жана жеңилдетилбеген зайым кирет. 2009-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандын карызы $2,056 миллиардды түзсө, 1-майга карата 2 млрд. 348,6 млн. доллар болду. (AJ)