Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кыргызстандык 13 жаштагы азиз Азизбек Нурдил уулу "Гран-При" алды


Австрияда өткөн “Ачык дүйнө” (Open World) эл аралык музыкалык фестивалына Бишкектеги өспүрүмдөрүн “Сейтек” борборунун И.Сломенко жетектеген “Улыбка” хореографиялык ансамбли катышты. Бул тууралуу Австриядагы Кыргызстандын элчилиги кабарлады. Маалыматка караганда, фестивалда Австрия, Германия, Орусия, Греция, Болгария, Македония, Армения, Кыргызстандан барган балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар бир жума бою мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, балдар үйлөрүндө, Австриянын башка шаарларында концерттик программаларын көргөзүштү. Австриялык көрүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасындагы конкурста жеке ырдоо боюнча кыргызстандык тубаса көзү сокур 13 жаштагы Нурдил уулу Азизбекке эң мыкты деген баа берип, Гран-При сыйлыгын ыйгарышты. Эл аралык музыкалык фестивалдын жабылышында Азизбек “Кыргыз жери” деген ырды жогорку чеберчиликте аткарды. Бул иш чараны Австриянын “Жашоонун кубаты – социалдык кору” аттуу кайрымдуулук уюму өткөргөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG