Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери изин суутпай 10 кылмыштын бетин ачкан. Райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан мурда жасалган 45 кылмыштын бети ачылган. 4-июнь күнү түнкү саат экилерде Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө 35-40 жаштагы азиат улутундагы атуулду машине коюп кетип, жан берген. Автоунаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Милициялардын иликтөөсүндө “Ауди-80” үлгүсүндөгү автоунаа кармалып, анын ээси убактылуу кармоочу жайга камалган. Ошондой эле Кемин районунда мал уурдаган уурулар колго түшкөн. (AJ)