Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Жалал-Абат облусунда участкалык шайлоокомдордун чек аралары такталды


Бул тууралуу бүгүн облустук шайлоокомдун төрагасы Нурмамат Ашымов билдирди. Анын айтымында облуста участкалык 407 шайлоо комиссиясы түзүлөт. Алардын курамынын үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын энчисине тиет. Аталган шайлоокомиссияларынын курамына мүчөлөрдү сунуш кылуу 13-июнда башталат. «Ата мекен» партиясынын облустук уюму Жалал-Абат, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарлары менен Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына өз мүчөлөрүн сунуштоону чечти. Аларга партиянын 110 мүчөсү көрсөтүлөрүн облуюмдун төрага орунбасары Кадырбек Жакыпов билдирди. Облустагы он эки район-шаардык шайлоокомиссияларынын алтоосунун мүчөлүгүнө аталган партиянын өкүлдөрү кирген . (YA)

XS
SM
MD
LG