Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Эртең Бишкекте “Интернет жана укук” деп аталган эл аралык жыйын өтөт


“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук кору тараткан маалыматка ылайык, жыйында Бүткүл дүйнөлүк соода уюму алдындагы милдеттенмелер алкагында Кыргызстандагы интеллектуалдык менчикти коргоо жана интернеттеги автордук укуктардын жөнгө салынышы боюнча маселелер талкууланат. Аталган жыйынды Жогорку Кеңеш, Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук кору жана АКШнын аймактык өнүктүрүү агенттиги биргеликте өткөрүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG