Чытырман токойлуу Амазонас дубанында полиция жергиликтүү тургундар менен кагылышканда бийликтер 22 тартип коргоочу, 9 демонстрант каза тапкандыгын билдирди. Бирок тургундар түпкүлүктүү элден 30 киши окко учкандыгын айтууда. Ата-бабасынан калган жерлерде өкмөттүн мунай-газ бургулоо планын айыптаган тургундар нааразылык акциясын жума күнү баштаган эле.