Кабарларда шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болгону айтылды. Батыш колдогон суни саяасатчысы Саад ал-Хариринин көпчүлүк коалициясы менен Сирия, Иран колдогон шийилердин Хезболла уюму жана анын шериктеринин ортосунда таймаш айрыкча катуу болот деп күтүлүүдө.
Добуш бергенден кийин президент Мишел Сулейман шайлоочуларды саясий кырдаалды курчутпоого чакырды:
- Шайлоо айрыкча бир күндө өткөндүктөн, мен андан кубанычтамын. Бул өлкөнүн коопсуздугу жана мыйзам коргоо органдары үчүн чоң сынак болду. Көп сөздү токтотуп, Ливанды чогуу тикелейли.
Добуш берүүнүн мезгилинде тоз-тополоңго жол бербеш үчүн 50 миңдей коопсуздук кызматкери ишке тартылды. Шайлоого 200дөй эл аралык байкоочу көз салууда. Ливандын саясий ситемасында, 128 орундуу парламенттеги орундар христиандар менен мусулмандардын ортосунда теңме-тең бөлүнөт. Шайлоо жыйынтыгы бүгүн кечтен тартып чыга баштайт.