Бүгүн эртең менен саат 10:10 чамасында электр энергиясы кокусунан өчтү. Көп өтпөй кайра ордуна келген жарык 15 мүнөт убакыттан соң кайра дагы жалп өчтү. Кырдаал эки-үч мүнөттөн кийин калыбына келди. Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлигинин маалымат катчысы Татьяна Анкудовичтин “Азаттыкка” билдиргени боюнча электр жарыгы Улуттук электр станцияларынын 220 кВт тармагында болгон авариядан улам өчкөн. Азыр баары жөнгө салынды, жарык өчүшү эми кайталанбайт, деп билдирди энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлигинин маалымат катчысы Татьяна Анкудович.(ZKo)