Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:53

“Достук” чегарасында болгон окуя тууралуу сүйлөшүүдөн өзбек тарап баш тартты


КР чегара кызматынын Ош облустук отрядынын командири бир кишинин өлүмүнө алып келген бул окуяны териштирүү максатында Өзбекстандын чегара өкүлчүлүгүн сүйлөшүүгө чакырган. Бирок өзбек тарап баш тартты, деп кабарлады КР чегара кызматы. Маалыматта айтылгандай 7-июнь күнү өзбек чегарачылары бир жигитти атып жарадар кылып, андан ары Өзбекстанга сүйрөп кирип кетишкендигин таксист көрүп, күбө болгон. “Кармалган жаран Өзбекстандын Достук айылындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан жана октон алган жараатынан каза болгон,” деп айтылат маалыматта. Бул окуя боюнча КР чегара кызматы УКМК, Кара-Суу райондук прокуратурасы менен чогуу иш алып барууда.

7-июнда таңга маал саат 06.00 чамасында Кара-Суу шаарынын тургуну, 29 жаштагы Улукбек Жороканов «Достук» чек ара бекетине жакын жерде кетип бараткан учурда өзбек чек арачылары атып, өздөрү тараптагы ооруканага алып кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG