Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

АКШ мамдепартаменти Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга каржылык колдоонун көлөмүн көбөйтөт


Батыш маалымат каражаттары жазып чыгышканы боюнча мындай сунуш АКШ президенти Барак Обаманын администрациясынан келип түшкөн. Ага ылайык АКШ мамлекеттик департаменти Кыргызстанга берилип келе жаткан экономикалык жардам 24,4 млн. доллардан 41,5 млн. долларга чейин, ал эми Тажикстанга берилип келе жаткан 25,2 млн. доллар жардамды 46,5 млн. долларга чейин көтөрүүлөт. Мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын аскердик керектөөлөрүнө берилүүчү каражат да көбөйөт. Буга байланыштуу программанын алкагында Кыргызстан азыркы 800 миң доллардын ордуна 2,9 млн. доллар алат. Тажикстан аскердик керектөөсү үчүн алып келген 750 миң доллар каражат эки эсеге көбөйөт. Түркмөнстанга берилүүчү экономикалык колдоо 5 млн. долларга көбөйүп, 13 млн. долларга жетти, 150 миң доллар болгон аскердик керектөөсү он эсеге көбөйтүлдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG