Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Майып жаштар көйгөйлөрүн чечип берүүнү президенттен өтүнүшүүдө


“Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылынын” лидери Мирбек Асангариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, учурда майып жаштар коомдук унаада жана көчөдө, окуу жайларда жүрүүдө бир топ кыйынчылыктарга тушугат. Дээрлик баардык имараттарда, унааларда алар үчүн атайын шарттар түзүлгөн эмес. Жаштардын бул кыймылы бир топ жылдардан бери мындай маселени чечип берүүнү өтүнүп жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, жолугушууларды өткөрүп келет. Бирок алардын кенебестигинен проблемалар ошол бойдон калууда, ошондуктан бул маселени чечип, саясий эрктүүлүктү көрсөтүүгө чакырган кайрылуу президентке жолдонду, дейт М. Асангариев. Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны жүз жыйырма миңден ашат. алардын отуз миңдейи Бишкекте жашайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG