Жыл башынан бери 6 журналист белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусуна дуушар болгондугун белгилеген Медиа өкүлчүлүгү институту маалымат каражаттарына жана журналисттерге жасалган бардык мыйзамсыз кысымдарды сынга алып, тартип коргоо органдарын мындай иштердин бетин эртерээк ачып, күнөөлүүлөргө жазасын берүүгө чакырган. Мындан тышкары бийликтин жана журналисттердин өздөрүнүн мындай иштерге кайдыгер карабоосун талап кылып, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салууну көнүмүшкө айлануусуна жол бербөөгө чакырык таштаган.
Кыргызстандагы бул окуяга байланыштуу эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму да тынчсыздануу билдирди. (ZKo)
Кыргызстандагы бул окуяга байланыштуу эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму да тынчсыздануу билдирди. (ZKo)