Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Ливандагы парламенттик шайлоодо батышчыл коалиция “Хезболланы” жеңди


Шайлоодо жеңип чыккан батышчыл багыттагы коалицияны азыр мурдагы премьер- министр, маркум Рафик Хариринин уулу Саад Харири жетектейт. Кечээги шайлоонун соңку жыйынтыгына караганда, Хариринин коалициясы парламенттеги 128 орундун 71ин алат. Алар кызмат мөөнөтү аяктаган парламентте да көпчүлүктү түзчү. Ал эми батышчыл күчтөрдүн башкы атаандашы, Иран менен Сирияга ыктаган “Хезболла” уюмуна жана анын шийит жана христиан өнөктөштөрүнө парламенттен 57 гана орун тие турган болду. Ливандын келечеги үчүн өтө маанилүү деп эсептелген добуш берүүгө болсо өлкө калкынын 55 пайыздан ашууну катышты.

Саад Хариринин көбүнесе сунниттерден турган коалициясы бийликке 2005-жылы анын атасы Бейрутта автоунаасы жардырылып, каза тапкандан кийин келген. Улуу Хариринин өлүмүн көпчүлүк коңшу Сириянын бийликтеринен көргөн болчу.

XS
SM
MD
LG