Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Илимдер академиясы Н. Пржевальскийдин эмгегин эскерди


Кыргыз улуттук илимдер академиясында орус саякатчысы, Петербург илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү Николой Пржевальскийдин 170 жылдыгына арналган талкуу өттү. Анда аталган академиянын вице-президенти Владимир Плоских Кыргызстандагы илимий изилдөөгө чыйыр салган баардык окумуштуу саякатчыларды эстеп өттү. Аларды эмгеги менен кыргыз жерин дүйнө тааныганын айтты. Мындай окумуштуулардын катарында Н. Пржевальский да бар экенин баса белгиледи. Анын күндөлүгүндө өлкөнүн жан-жаныбары, өсүмдүктөрү тууралуу баалуу маалыматтар бар, деди В. Плоских. Жыйындын катышуучулары бул саякатчы окумуштуунун бүгүнкү күнгө чейин маанисин жоготпой келген эмгегинин азыркы илимдеги ордун талкуулашты. Академиядан кабарлашкандай, жыйын катышуучулары андан соң Кара-Колдо окумуштуунун айкелине гүлчамбар коюшту. (EBM)

XS
SM
MD
LG