Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга көмөктөшүүгө даяр


Мындай билдирүүнү КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жапон басылмасына берген маегинде жасаган. Анын айтуусунда Ооганстандын көйгөйлөрүн талкуулоо конференциясын өткөрүүчү туруктуу аймакка айландыруу жана эл аралык иликтөө борборун түзүү тууралуу расмий Бишкектин демилгеси эл аралык коомчулуктун кызыгуусун пайда кылууда. Ал эми АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасынын өлкөдө калар-калбасы тууралуу суроого Кыргызстан өлкө аймагын Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн антитеррордук коалициянын ишмердүүлүгү үчүн пайдаланууга кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген жооп кайтарган.
Жергиликтүү маалымат каражаттары тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевден ушул эле суроолорго жооп ала албай келишүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG