Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Оппозиция шайлоочулардын тизмесин өзүнчө түзүүгө камынууда


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча шайлоо жараяны мыйзам бузуулар менен коштолору азыртан белгилүү болуп калды. Анын айтуусунда партия мүчөсү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн Баткен облусунун бир айлындагы шайлоочулардын тизмесин текшерип, салыштырган учурда тизмеде катталгандардын 45% азыр айылда жок болуп чыккан. Алар Орусия, Казакстанга же Кыргызстандын башка жактарына иштөө үчүн кеткен жарандар болуп чыккан, мындай айылдар азыр жалпы Кыргызстан боюнча бар, ошондуктан, биз бардыгына жетишпесек да, добуш берүү курагындагы тургундары алыста жүргөн көпчүлүк айылдардагы шайлоочулардын тизмесин өзүнчө түзүп, БШК түзгөн тизмеге салыштырууга даярданып жатабыз, -дейт Өмүрбек Текебаев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG