Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

ЕККУ парламенттер ассамблеясынын жетекчиси КР тышкы иштер министри менен жолугушту


КР ТИМ басма сөз кызматы кабарлагандай ЕККУ ПА башчысы Жоао Соареш жетектеп келген делегацияны КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бүгүг кабыл алды. Жолугушууда тараптар ЕККУ ПА менен Кыргызстандын кызматташуусу жана ошондой эле ЕККУ менен келечектүү багыттарда кызматташуу тууралуу кеп кылышты. Министр мырза Жоао Соарешти өлкөнүн демократиялык өсүшүнө багытталган жараяндар менен кабардар кылды. К. Сарбаев ошондой эле аймактагы коопсуздукка көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, Ооганстандагы кырдаал Кыргызстанды да тынчсыздандырып жаткандыгын айтып өттү. Ал эми Жоао Соареш Кыргызстан ЕККУнун парламенттер ассоциациясында Борбор Азия аймагынан жалгыз өкүл экендигин белгилеп, ал гана эмес өлкө аймактагы демократиялык өнүгүүнүн үлгүсү болуп келе жатат, деген пикирин билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG