Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин билдиришинче, 5-июнда Бишкектин чок ортосунда уюшкан кылмыш топтун үч мүчөсү колго түштү. Кармалган Умар Бегалиев, Асхат Жаналиев жана Руслан Намазалиев Камчы Көлбаев башында турган кылмыш топтун өкүлдөрү экени кабарланууда. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө колго түшкөндөрдүн бирөөсүнүн үйүнөн тапанча табылган. Алар адамды барымтага алып, бошотуу акча талап кылган, чет өлкөлүк жарандарга кол салган, баңги заттарды сактаган, деп шектелүүдө. (EBM)