Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Кыргыз өкмөтү бюджеттен каржыланчу адистиктердин бекитти


Премьер-министр Игорь Чудинов 2009-2010-окуу жылдарында мамлекеттен каржыланчу адисттиктердин тизмеси жана көлөмү боюнча жардыкка кол койду. Ага ылайык, быйыл мамлекеттик окуу жайларда 5703 бюджеттик орун берилет. Алардын басымдуу бөлүгүн педагогикалык адисттиктер түзүп, Билим министрлиги каржыламакчы. Элүү орун Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алгандарга сынаксыз бөлүштүрүлөт. Жүздөн ашык орунду кыргыз өкмөтүнүн орус, тажик, түрк, украин жана белорус өкмөттөрү менен түзгөн келишимдерге ылайык, аталган өлкөлөрдөн келген студенттер алат. Жардыкка ылайык быйыл чет жерде жашап жаткан этникалык кыргыз жаштарынын жетимиш беши Кыргызстандын мамлекеттик окуу жайларында акысыз окутулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Билим министрлиги маалымдагандай, быйыл Кыргызстанда мектепти жетимиш беш миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG