Кырсык кечээ Донецк облусундагы Скочинкс шахтысында болгон. Жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн айтымында, кырсык болгон кезде кенде 51 шахтер иштеп жаткан. Алардын 38и өйдөгө аман-эсен чыга алды, кеминде төртөөсү каза тапканы ырасталды, тогузу дайынсыз деп эсептелинүүдө. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.