Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Иранда шайлоо алдында коомдун бүйүрү козголду


Тегеран -- Реформист талапкер Мир Хоссейн Мусавини колдогондордун басымдуу көпчүлүгү жаштар.
Тегеран -- Реформист талапкер Мир Хоссейн Мусавини колдогондордун басымдуу көпчүлүгү жаштар.

Иранда президент Махмуд Ахмединежаддын жана анын негизги атаандашы, реформист Мир Хоссейн Мусавинин тарапкерлери шайлоо алдындагы акцияларын өткөрүшүүдө. Байкоочулар Тегеран бул күндөрү кылкылдап элге толуп, кымкуут түшкөн кыймылдан улам отуз жыл мурдагы ислам революциясы маалындагы абалды эстетет дешет.

Реформист Мусавинин колдоочулары Тегерандагы эң башкы жана узун көчөгө чыгып, шаарды как жарган кан жолдун башынан аягына чейин кыркаар тартып тизилип,ураан-чакырык айтып,уулдап-дуулдап турушту.Алардын басымдуу көпчүлүгү жаштар болду.

"Биз эркиндикти каалайбыз,азат болууну көксөйбүз! Эй,көңкү дүйнө,көз бак бизге: биз Ирандын жаштарыбыз! Биз өз эркиндигибиз үчүн күрөшүп жатабыз!", -деп айтты кыркаар сапта турган кыздардын бири толкундана англисче сүйлөп.

"Өлкөдөгү экономикалык жагдай кедерине кетти,башка өлкөлөр менен мамилебиз да жакшы болбой калды. Менимче, Мусави гана буга каршы зарыл чараларды таап,Иранды нормалдуу абалга сала алат!",-деп кошулду ага жаш жигиттердин бири.

Түнкү демонстрацияларга күбө болгондордун бири көчөлөргө жык толгон адамдар өкмөттү сынга алып, Ахмединежаддын ооз көптүрмө сөздөрүнөн жана калпычылыгынан тажап бүтүшкөнүн ачык айтышты деп ырастады.

Мусавинин мыяткерлерине катарлаш Ахмединежаддын жааткерлери имам Хомейнинин мечитине жыйналышты. Бирок шаарды кара таандай эл каптап,көчөлөр буулуп, транспорт жүргөнгө мүмкүн болбой калгандан улам Ахмединежад өз тарапкерлерине жете алган жок.

Өткөн жекшемби күнү Тегерандын түндүк-батышындагы Савр аянтында Ахмединежад менен дагы бир реформатор-талапкер Мехди Каррубинин тарапкерлери кагылыша кетип, бир нече автомашинаны аласалдырып,айрымдарын өттөп,кээ бир дүкөндөрдү талкалап салышкан эле.

Атаандаштардын талкуу-талаштары,кайым айтыштары да жаалдуу мүнөзгө айланды. Өткөндөгү телетаймаштардын биринде Карруби бийликтеги президентти экономикалык көрсөткүчтөрдү көтөрүп айтып, калкты алдаганы үчүн айыптап,анын сөздөрүн Борбордук банктын ырасмий маалыматтары менен төгүндөгөн эле.

Ахмединежад атаандаштарына жооп кайтарып, алардын баарын "сасыган байлар", "көмүскө дүйнө жыйнаган көпөстөр" деп атап, өзүн "карапайым жана жупуну жашаган адам" катары көрсөттү. Ошондон соң анын атаандаштары үй-жайы, мал-мүлкү тууралуу маалыматтарды жарыялашты.

Реформаторлор Ахмединежадды чогоолдугунан Тегерандын алыс-жуук жамаат менен алакасын бузганы, Иранды дүйнөгө "байталман" өлкөгө айлантканы үчүн да күнөөлөшөт.

Ахмединежад болсо ислам революциясы маалында жаралган "Батыш да эмес, Чыгыш да эмес" деген ураан азыркы Иран үчүн маанисин жогото элек деп эсептейт.

Коомдук пикирдин соңку көрсөткүчтөрүндө Ахмединежадды шайлоочулардын - 34, реформист Мусавини – 14 проценти колдоого даяр экенин билдиришкен. Кимге добуш берерин алигиче билбей, арсарсыгандар суралгандардын 27 процентине барабар болгон. Айрым божомолдордо 12-июнда шайлоочулардын сексен процентке жакыны добуш бергени келет деп айтылат.

Бирок бейтарап байкоочулар Иранда коомдук пикирдин мындай көрсөткүчтөрүндө аныгынан калети көп болот дешет.

XS
SM
MD
LG