Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Өзбектер Кыргызстанга жакын жаңы жерлерди он күндөн бери казып жатат


Бул тууралуу кыргыз чек ара кызматынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов “Азаттыкка” билдирди. Анын билдиришинче, өзбек тараптын Оштогу Ынтымак, Жалалабаттагы Бегабатка жакын жаңы казган жерлери он километрден ашып калды. А. Нышанов Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жерлерди казууну үч жыл мурда эле баштаганын, бул аракеттери боюнча Кыргызстанга түшүндүрмө бербегенин айтты. Буга чейин Өзбекстан Кыргызстандын Сузак, Аксы, Ноокат райондору менен чектешкен чек арасына тереңдиги жана кеңдиги 3 метр болгон аң каза баштагандыгы маалымдалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG