Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Президенттике биринчи талапкер катталды


9-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын куруп, анда К.Бакиевди президенттике талапкер деп каттады. 10-июнда Ж.Назаралиевди каттоо маселеси каралат. Жергиликтүү байкоочулар президент Бакиев бийлигин пайдалануу менен алдын-ала үгүт иштерин жүргүзүп жатканын айтууда.

Курманбек Бакиевдин президенттике талапкерлиги “Ак жол” партиясынын 1-майдагы курултайында көрсөтүлгөн. Талапкерлердин жарандардын кол тамгасын топтоо өнөктүгү учурунда Курманбек Бакиевдин ыйгарым-укуктуу өкүлдөрү 1 миллион 200 миң жарандын кол тамгасын топтоп, 1-июнда БШКга тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы ал кол тамгаларды текшерип, 9-июндагы жыйынында Курманбек Бакиевди президенттике талапкер деп расмий түрдө каттоого алды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бакиев Курманбек Салиевич каттоо үчүн керек болгон документтердин баарын тапшырды. 1 миллион 200 миңдей кол топтолгон. Бүгүнкү күндө ошол кол тамгалар текшерилип чыгып, 1 миллион 134 миң 823 кол тамга анык экени такталды, текшерилди. Курманбек Бакиевден мамлекеттик тил комиссиясынан өткөнү жана башка документтерин тапшырып, каттоого алынды.

Маалыматка караганда, 10-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги жыйынына чогулуп, анда Жеңишбек Назаралиевди каттоо маселесин карайт. Андан кийин “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариевдин кезеги келүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы 50 миңден кем жарандын кол тамгасын тапшырган 7 жети талапкерди каттоону 17-июнга чейин карап чыгат. 18-июндан тарта талапкерлер үгүт өнөктүгүн баштайт дейт Самат Бөрүбаев:

- Үгүт өнөктүгү биздин календардык планда көрсөтүлгөндөй бардык талапкерлер катталып бүткөндөн кийин, шайлоо күнүнө 35 күн калганда башталат. Бул 18-июндан тартып башталат. Ошондо баштап талапкерлерге акысыз берилчү эфирдик убактар, гезиттерден бериле турган акысыз аянтарга чүчү кулак карматып, ошол боюнча иштерди уюштурабыз.

Бирок жергиликтүү байкоочулар жана оппозициялык саясатчылар Курманбек Бакиев үгүт өнөктүгү башталганга чейин эле президенттик бийликти пайдалануу менен өз пайдасына үгүт иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Маселен, “Атуулдук коом
коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова:

- Мыйзамдын астында баары тең болуш керек, президент болобу, карапайым адам болобу. Шайлоонун алдында көз караш абдан өкүнүчтүү болуп жатат. Мына президент жаштардын конференциясында аларга 50 миллион сом берди. Бул дагы маселе болуп жатат. Ал акчаны президент катары бердиби, же талапкер катары бердиби деген талкуу коомдо жаралып, маселе пайда болуп жатат. Анткени талапкерлер өзүнүн үгүтүн 18-июндан баштап, 35 күн өткөрүш керек. Ошон үчүн шайлоонун алдында бир партиянын жана бир талапкердин үстөмдүк кылып калганы өкүнүчтүү болуп жатат.

Ал эми Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев борбордо мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктер айылдарына агылып, мал союп, аш берип бир талапкердин пайдасына үгүт иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Өмүрбек Текебаев шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө мындай баасын берди:

- Фальсификация үчүн бардык шарттарды түзүп койду. Мисалы, мурун шайлоого келген адамдын бармагы боелсо, аны жоюшту. Эгерде мурун добуш берүүгө паспорту менен келип, паспортунда катталган жери көрсөтүлсө, азыр башка документтер, анын ичинде айдоочу күбөлүгү менен добуш берүүгө болот деп койду. Айдоочу күбөлүгүндө жашаган жери көрсөтүлбөйт. Демек алар каалаган участогуна барып, ал участокто фамилиясы жазылып койгон болсо, каалаган жерине добуш берип жүрө берет. Мына биздин билишибизге караганда, Бишкекте ар бир квартирага жетиден-сегизден ашыкча адамды орто эсеп менен жаздырды. Демек 30-40% добушту Бишкектен мына ушундай жол менен алганга аракет кылып жатат. 30-40% добушту Баткенден да ушундай жол менен алганга аракет кылып жатат. Биздин активистердин айылма-айыл, көчөмө-көчө жүрүп эсептегенине караганда, мисалы Баткендеги Бужум деген айылда 45% шайлоочу жок экен. Бирок ал айылда өткөн парламенттик шайлоодо 80% ашуун шайлоочу келип катышты дешкен. Президенттик шайлоодо 99% келип катышты дешкен. Мунун өзү бийлик масштабтуу фальсификаицяга даярданып жатканын айгинелейт. Өз оппоненттерин куугунтуктап, уруп,камап,иш козгоп, гезиттерди жаап жатат. Бийлик үчүн бүткүл мамлекеттик ресурс мыйзамдан сырт үгүт жүргүзүп жатат. Прокурору да, соту да, милициясы да, губернатору да "Ак жол"“партиясынын пайдасына, Бакиевдин пайдасына бүгүн ачыктан-ачык мыйзам бузуу жолу менен иштеп жатат.

Талапкер Курманбек Бакиевдин президенттик бийликти пайдалануусу боюнча суроого БШКнын мүчөсү Бөрүбаевдин жообу мындай болду:

- Бул эми бардыгы мыйзам чегинде.. Конституцияда дагы, Шайлоо кодексинде да көрсөтүлгөн, бүгүнкү күндө аракеттеги президент өзүнүн кызматын аткарууну токтотпостон туруп, иштейт деген.Ага ошондой уруксат берилет. Башкача айтканда президенттик кызматты токтотпош керек. Анткени президенттик кызмат мамлекет үчүн эң башкы кызмат орду. Ошондуктан Конституция дагы, кодекс дагы буга уруксат берет.

Оппозиция лидерлери участкалык шайлоо комиссияларына тарапкерлерин киргизүүгө жана байкоочуларды көбүрөөк дайындоого аракет жасап жатат. Алар президенттик шайлоого келген жарандардын чыныгы санын аныктоону негизги маселелердин бири катары карап жатышат.

Бул арада Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун парламенттик Ассамблеясынын төрагасы Жоао Соареш 9-июнда Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, андан кийин бийлик адамдары менен жолугушту. Президент Курманбек Бакиев Жоао Соареш менен жолугушууда байкоочулардын санын эки эсеге көбөйтүүнү сунуштады. Белгилүү болгондой буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочулардын санын 1.5 миң киши менен чектөөнү сунуштаган. Бул сунуш батыш тараптан сынга кабылган.













  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG