АКШнын Ирактагы аскер командачылыгы абакта он бир миң ирактык кармалганын маалымдады. Алар эми же Ирак бийлигинин колуна өткөрүлүп берет, же болбосо Багдад менен Вашингтон ортосундагы макулдашууга ылайык аларга азаттык берилет. Март айында командачылык берген маалыматта 13 миң ирактык абакта отурары айтылган.