Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында жарылуудан бери дегенде он бир киши набыт болуп, 70ке жакын киши оор жараат алды. Жарылуу көбүнчө чет өлкөлүктөр турган беш жылдыздуу мейманканалардын биринде орун алган. Пакистан бийлигинин маалыматына ылайык, набыт болгондордун бири – Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча комитетинин кызматкери. Айрым маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар алгач мейманканага кирип келишкен, андан соң жарылуу болгон.