Бул тууралуу БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик шайлоону адилетсиз өткөрүп бийлигин сактап калам десе жаңылат. “Эгерде бийлик президенттик шайлоодо добуштарды уурдап, шайлоочулардын укугун тебелей турган болсо эл көтөрүлөт”,-деди Тургуналиев. Парламенттеги СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева дагы азыр эл сабаттуу экендигин, алар шайлоону адилетсиз өткөрүүгө жол бербестигин “Азаттыкка” билдирди. БШК болсо Шайлоо Кодексине ылайык президенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өткөрүлөрүн айтышууда. (AJ)