Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Журналист Абдувахаб Мониевдин абалы жакшы


Бул тууралуу ал өзү “Азаттыктын” кабарчыларына билдирди. Ал учурда Республикалык нейрохирургияда дарыланып жатат. Анын айтымында, Ички иштер кызматкерлери эки күн мурда келип, ага карата кол салуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтышкан. “Бул кол салуу кесиптик ишиме, жазып жүргөн макалаларым үчүн болушу мүмкүн. Балким кокустуктан сабап кетиши дагы ыктымал. Себеби коомубузда кылмыштуулук өсүп кетти”,-дейт Мониев. 5-июнда “Ачык саясат” гезитинин баш редакторунун орун басары Абдувахаб Мониевди Жаш гвардия менен Токтогул көчөсүнүн кесилишенен белгисиз адамдар катуу сабап кетишкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG