Өзгөн районундагы Ана-Кызыл кыштагынын башчысы Данияр Абакиров «Азаттыкка» маалымдашынча, айылдашы Убайдылла Миталипов 2-июнь күнү Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен Москва участогунда жоголгон жылкысын издеп жүргөндө өзбек чек арачылары кармап, “Ауди” үлгүсүндөгү машинасы менен кошо алып кетишкен. Көргөндөрдүн айтуусуна караганда, 31 жаштагы жигит бейтарап тилкеде болгон жана чек ара эрежесин бузган эмес. Анын айылдаштары Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго кайрылышканы менен, азырынча натыйжа жок. Ал эми чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов Өзбекстан тарапка билдирүү жөнөтүшкөнүн, тилекке каршы, оң жооп алыша электигин маалымдады. (ATo)